Юрист, экс-прокурор Сыймык Жапыкеев facebook социалдык тармагындагы резонанстуу постторунун бирине төмөнкүдөй комментарий калтырды:
“Мен 2010-жылы 7-апрелден кийин КР Генпрокуратурасында иштечүмүн. Россия Кыргызстанга бөлгөн 300 миллион долларды текшергенбиз, ал акча Бакиевдер Кыргызстандан качып кеткенден кийин революцияга чейин Игорь Чудинов жетектеген КР Өнүктүрүү фондунун банктагы эсебинде сакталып турган экен. Муну мен так билем. Бакиевдер ал 300 млн долларды уурдаган эмес. Кийин эле “Бакиев уурдап кетиптир” деп ушак чыгарышып, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү уурдап жок кылышты. Ушул Россия Кыргызстанга бөлгөн 300 млн доллар акчанын тагдыры боюнча көз карандысыз комиссия түзүп, иликтесе эле уурулардын бети ачылат”
Сыймык Жапыкеев
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ