Menu

“Кыргызстан” фракциясынын депутаты Данияр Төлөновдун бир тууганы 800 доллар пара менен кармалды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Данияр Төлөновдун бир тууганы, Мамлекеттик миграция кызматынын алдындагы Маалыматтык-консультациялык борборунун директору Бахтияр Төлөнов 800 АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жатканда кармалганы кабарланды. Бул тууралуу айрым ММКлар күч органдарындагы ишенимдүү булактарына таянып жазып чыкты.

Алардын айтымында, Бахтияр Төлөнов бүгүн, 9-январда, кечке маал Бишкектин Манас проспектиси менен Жибек жолу көчөсүнүн кесилишиндеги кафеден 800 доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Аны Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) кармаган. Бул окуя боюнча Финполдун басма сөз кызматы кийинчерээк толук маалымат берилерин билдирген.

Бахтияр Төлөнов КР Мамлекеттик миграция кызматынын алдындагы КР жарандарына чет өлкөлөрдөн жумушчу орундарынын квотасын бөлүп берүү боюнча комиссиянын төрагасы болуп, өз кызматы үчүн пара сураган.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: