Бул жаңы саясый бирикме марксизм идеяларын карманат. Жаңы партиянын теңтөрагасы, журналист Аркадий Гладилов:
“Идеялык-философиялык багытыбыз – марксизм!. Мен Карл Маркстын негизги эмгектерин терең изилдеп чыктым да, коомдун өнүгүүсүндө марксизмден башка жол жок экенин түшүндүм. Эми Маркстын бардык эле оюна кошула бербейм, талаша турган жерлери бар, бирок эң башкысы – туура. Азыр Кыргызстан капитализмге өтө албай, чайналып жатат, ал эми Маркстын окуусу биздин өлкөгө куп жарашып калат экен. Карл Маркстан башка эч ким коомдук жана экономикалык мамилелердин табиятын ачып бере алган эмес. Ошондой эле бизге бир тууган Украинанын тажрыйбасы да шыктандырды”, – дейт.
Жакынкы арада жаңы партия орус жана кыргыз тилинде өз гезитин да чыгарышмакчы.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ