Menu

Гемодиализ кызматына бюджеттин эсебинен каражат төлөнүп берилет

Бөлүшүү:

Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар үчүн гемодиализ кызматына (канды тазалоо боюнча медициналык процедура) республикалык бюджеттин эсебинен каражат төлөнүп берилет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн, 14-январь күнү билдирди.

Гемодиализ кызматын көрсөтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан (2019-жылдын 29-августундагы № 441токтому) бекитилген.

Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар гемодиализ кызматын бирдей шарттарда кошумча төлөмсүз, тагыраак айтканда,  бюджеттик жана жеңилдетилген категорияларга бөлүнбөй алышат.

Бейтаптарга гемодиализ кызматын көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмун жеке менчик түрүнө жана жайгашкан жерине карабастан эркин тандоо укугу берилет.

Берилген арыз жана документтердин негизинде бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптардын электрондук тизмеси түзүлүп, «Бирдиктүү реестрге» киргизилет. Бул дартка чалдыккандардын тизмесин бекитүү туруктуу түрдө атайын комиссия тарабынан жүргүзүлмөкчү.

Гемодиализ кызматында дарттын оордугуна жараша бир ай бою сеанс чектелбестен көрсөтүлөт.

Гемодиализ кызматын көрсөтүүнүн төлөмү тиешелүү келишимдин негизинде республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бейтаптарга гемодиализ кызматын көрсөтүү үчүн бирдиктүү төлөөчү болуп саналат.

Белгилей кетсек, гемодиализ кызматы тийиштүү лицензиясы бар мамлекеттик жана жеке менчик саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: