Ушинтип Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров 16-январда басма сөз жыйынын өткөрүп айтты.
Анын айтымында, саясаттагы максаты, идеяларын жүзөгө ашыруу мурунку бойдон калыптыр. “Мен болгону бир аз четтен гана карап турам”, – деди ал элчилик кызматын түшүндүрүп.
Максаттары катары Кумтөрдү улутташтыруу, Жерүй долбоорундагы Кыргызстандын үлүшүн көйбөтүү экенин, ошондой эле ал 8-фералга карата уюштуруп жаткан Курултайга бардык саясый күчтөрдү катышууга чакырды.
Бекназаров эмнеге президент Сооронбай Жээнбеков менен кызматташа баштаганын да айтып берди. “Президент реформа жасап келет… Ал таза, кудайдан коркот, кыямат кайымдан коркот”, – деп эки себебин келтирди.
“Мен азыр Малайзиянын тарыхын окуп, малайзиялыктарга суктанып жатам. Малайзиянын премьери Махатхир 94 жашта, бийликти кайра колуна алганга жарады. Кудай буюрса, мен дагы 30 жыл саясатта болом”, – деди А.Бекназаров.
Ал президент Жээнбеков менен өзүнүн саясаттан кеткендиги жөнүндө макулдашпаганын айтты. “Уктуңарбы, мен саясатта калам”, – деди экс-башкы прокурор.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ