Бул тууралуу 16-январда Кыргызстандык ИИМ басма сөз кызматы билдирди.
Такталып жаткандай, 5-январда Орусиянын Санк-Петербург шаарынан болжол менен 23:30дар чамасында белгисиз төрт киши таксиге буйрутма кылышат. Автоунаага олтургандан кийин алар айдоочуга кол салышкан. Мойнуна сыйыртмак салышып, бычак менен коркутуп, акчаларын, үч мобилдик телефонун алып кетишкен.
“”Таксистти машинеден алып ыргытышып, кол салгандарт белигсиз тарапка багыт алышкан. Мындан тышкары январь башында белгисиз үчөө кыргыз таксисттин бетине газ баллон чачып, 15 миң рублин, телефонун, эки банктагы картасын, жеке документтерин тартып алышкан. Бул боюнча да кылмыш иши козголуп, кол салгандарга издөө жарыяланып, эми кылмышкерлер колго түшүп олтурушат”, – деп айтылат маалыматта.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ