4 жылдан бери дайынсыз жоголгон 1977-жылы туулган Атамкулов Жаныбек Ооганович изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 16-январда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Жаныбек Ооганович 2016-жылдын май айында Военно-Антоновка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып барган эмес. 4 жылдан бери дайынсыз жоголгон адамдын бою 160-165 см, арык чырай, көзү күрөң, чачы кыска. Ал тууралуу маалымат билгендер болсо, 0 (558) 86-14-86 0(709) 35-35-29 (Сокулук РИИБ), 0(312)60-75-67 же 0(3134)5-33-80 (нөөмөт бөлүмү) телефон номурлары аркылуу кабарлап коюнуздар.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ