Menu

Фото – Чек ара маселелери боюнча координациялык кеңешме өттү

Бөлүшүү:

Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетечилеринин, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун, Баткен облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда чек ара маселелери боюнча координациялык кеңешме болду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр белгилегендей, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселени чечүү туруктуу көзөмөлдө

«Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо – татаал жана оор процесс. Тажик тарап менен сүйлөшүү процесси туруктуу негизде жүргүзүлүүдө, жумушчу топтор иштеп жатат, тараптар ортосунда белгилүү бир деңгээлде өз ара түшүнүү бар. Кыргыз тарап буга чейин жетишилген келишимдерди карманууда жана чек ара маселелерин тез чечүү максаты бар. Ошол эле учурда адам өлүмүнө алып келген, жергиликтүү элдин тынчсыздануусун жана кооптонуусун жаратып, чек ара тилкелеринде болгон окуялар сүйлөшүү процессин татаалдатууда. Күч түзүмдөрү жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте чек ара кызматташтыгын жана коопсуздукту бекемдөө боюнча иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашырууну камсыз кылуусу керек, ошондой эле кандайдыр бир чагымчылдыкка жана чыр-чатактарга жол бербөө, аны алдын алуу максатында чек арага чектеш айылдардагы жергиликтүү элдин арасында натыйжалуу түшүндүрүү иштетрин жүргүзүү керек.  Жергиликтүү бийлик органдары социалдык-экономикалык мүнөздөгү актуалдуу маселелерди чечүү боюнча эл менен активдүү иштөо зарыл», – деди Жеңиш Разаков.

Ал белгилегендей, тажик тарап менен жолугушуунун жыйынтыгында кол коюлган протоколго ылайык Баткен районунун жана Исфара шаарынын ортосундагы айрым жер тилкелерин бирдей жер тилкелерине алмашуу боюнча макулдашылган сунуштар иштелип жатат. Мындан тышкары бир катар унаа жолдорунда биргелешип күзөтүү жүргүзүлүүдө, ошондой эле бир нече жолдордо жол чырактар, байкоо камералары орнотулмакчы.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев жергиликтүү бийлик органдарына өз сунуштарын беришти. Ошондой эле Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Ботобаев мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процесси жөнүндө баяндама жасады.

Координациялык кеңештин соңунда күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүү, ошондой эле тажик тарап менен сүйлөшүү процесси боюнча эл арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: