Menu

Фото – Башынан 70тен ашык бытыра ок табылган ак илбирстин абалы кыйла жакшырды

Бөлүшүү:

Таластан тирүүлөй кармалып, башынан  70тен ашык бытыра табылган ак илбирстин калыбына келип калды. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо  агенттигинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-январь күнү билдирди.

Белгилүү болгондой агенттиктин жетекчилиги ак илбирстин абалы менен таанышканы барган.

Бардык тиешелүү дарылоодон кийин илбирстин абалы кыйла жакшырган. Ал дайыма Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо агенттигинин кызматкерлеринин жана ветврачтардын көзөмөлүндө.

Аны дарылап жаткан Салтанат Сеитованын айтымында, көрүүнү жакшыртуу үчүн көзүнө тамчылатмалар, антибиотиктер берилүүдө. Керектүү дары-дармектин бардыгы эт менен чогуу берилүүдө.

Учурда ак илбирс уй этин жана жумшак сөөктөрдү жеп жатат.

Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо агенттиги илбирстин бир көзү агып түшүп калды деген маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирет. Анын эки көзү тең бар, жөн гана начар көрөт. Дарылоодон кийин илбирстин көрүүсү калыбына келет деп врачтар үмүттөнүүдө.

Эске салсак, өткөн апта 9-январь күнү Таласта башына ок жеп, айылга кирип келген илбирсти кармашып, аны адистерге өткөрүп беришкен. Эртеси күнү аны Бишкекке алып келип, ветврачтар рентгенге тартканда анын башында чачма мылтыктан атылган 70тен ашык бытыра ок бар экендиги аныкталган. Азыркы учурда илбирсти аткандарды издөө иштери жүрүүдө.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: