Menu

Алмазбек Акматалиев: «Кыргызстанда дагы радикалдуу конституциялык реформанын мезгили келди»

Бөлүшүү:

Президент алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев өзүнүн Facebook баракчасына конституциялык реформа боюнча өз пикирин билдирди:

“Орусия радикалдуу конституциялык реформанын жолуна түштү, негизинен иштеп жаткан Конституцияга кошумча жана өзгөртүү даярдоо боюнча Конституциялык кеңешме түзүлдү десек болот. Менимче, Кыргызстанда дагы радикалдуу конституциялык реформанын мезгили келди. Биринчиден, акыры мамлекеттик башкаруунун формасын аныктап алсак болот эле, парламенттик же президенттик форманы тандашыбыз керек. Экинчиден, партиялык тизме менен Жогорку Кеңешке шайлоо, депутаттардын саны, эки палаталуу парламенттин болушу жана башка ушул сыяктуулар көп талаш-тартыштарды жаратып келет… Үчүнчүдөн, административдик-территориалдык реформа зарыл, ал аймактардагы бийликтин укуктары жана милдеттери менен байланыштуу. Төртүнчүдөн, бийликтин сот бутагынын көз карансыздыгын күчөтүү боюнча конституциялык иш-чаралар зарыл, балким сотторду калк шайлап калаттыр. Бешинчиден, КРнын Коопсуздук кеңешинин конституциялык милдеттери так аныкталышы кажет…

Эң башкысы, албетте, 2023-жылдан кийинки мамлекеттик башкаруунун формасы… Бүгүнкү өкмөттү түзүү системасы – жалпы эл тарабынан Президент бир жолку мөөнөткө шайланып жаткан учурда, бул бийлик бутактарынын ортосунда жасалма карама-каршылык үчүн жагдай түзүп коюп жатат. Кыргызстан сыяктуу чакан өлкө үчүн бул ашыкча болууда. Калайык-калк референдумда так аныктоого тийиш: же кийинки Президентти Жогорку Кеңеш шайлайт дагы, өлкө чыныгы парламентаризмге багыт алат! Же жалпы эл тарбынан шайланган Президент Премьерсиз Өкмөттү жетектеп, Аткаруу бийлик бутагындагы бардык иштер үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алат…

Ушундай референдумдун жыйынтыгына жараша тыкыр, так, юридикалык жактан эч бир кынтыгы жок конституциялык реформа жасаш керек болот! Албетте, ал Конституция азыркы Президенттин мөөнөтү бүткөндөн кийин 2024-жылдан баштап күчүнө кирүүгө тийиш…

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: