Menu

Видео – Азамат Жаманкулов, маданият министри: “Кыргызстан жана Орусиянын кайчылаш жылынын ачылыш, жабылыш аземине Жээнбеков менен Путин катышат”

Бөлүшүү:

Кыргызстан жана Орусиянын кайчылаш жылынын алкагында 221 пункттан турган иш-чара өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, былтыр Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга иш сапары менен келгенде, “2020-жыл – Кыргызстан жана Орусиянын Кайчылаш жылы” деп жарыялоо боюнча макулдашууга кол коюлган, аны өткөрүүгө эки мамлекеттин уюштуруу комитети түзүлгөн. Уюштуруу комитет ушул жылы өткөрө турган иш планын иштеп чыккан, ал план 221 пункттан турат. Учурда 100дөн ашык иш-чара өтүүсү күтүлүүдө.

Министрдин айтымында, ачылыш аземи ушул жылдын февраль айынын экинчи жарымында Москвада өтөт. “Москвадагы чоң театрда классикалык-фольклордук жанрда ачылыш өтөт. Ачылыш аземине Кыргызстандан 200дөн ашык маданий кызматкерди жөнөтүү пландалууда. Концерт эки күн болот. Биринчи күндө эки өлкө президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин катышуусунда ачылыш аземи болсо, экинчи күндө мекендештер үчүн деп концерт коебуз. Жабылуу аземи Кыргызстанда, сентябрь айында Бишкекте болоору белгиленип жатат. Ага эки өлкөнүн өкмөт башчылары катышат”,-деди министр Жаманкулов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: