Бул тууралуу өкмөт башчы Алексей Гончарук 17-январда өзүнүн Facebook баракчасына жазган.
Гончарук кызматтан кеткенин өкмөт жыйынындагы аудиожазуулар жарыяланып кеткени менен байланыштырган. Ал үнжазуулар атайын монтаждалып, премьер менен анын командасы президент В.Зеленскийди сыйлабай тургандай берилген. “Бул таасирдүү топторго ыңгайлуу, алар финансы агымына жеткилери келет”. –деп жазат Гончарук.
“Мен бул кызматка президенттин программасын аткаруу үчүн келгем. Ал мага ачыктык менен абийирдүүлүктүн үлгүсү. Бирок биздин урматтаганыбыздан жана президентке ишеним артканыбыздан шектенбесин деп, кызматтан кетүүм боюнча арыз жаздым”, – дейт экс-премьер.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ