Чүй облусуна караштуу Москва райондук соту кызын зордуктаганга айыпталган атаны 19 жылга кести. Бул тууралуу Чүй облустук прокуратуранын өкүлү бүгүн, 28-январда журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, сот аны 19 жылга эркинен ажыратканы менен прокуратура аны өмүр бою эркинен ажыратылышына аракет көрүүдө. Анткени 37 жаштагы адам 12 жаштагы өз кызын эки жыл бою зордуктап жүргөн. Бул окуяны кеч билип калган апасы милицияга кайрылып, күйөөсүнө чара көрүүнү суранган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ