Menu

Белгилүү миллиардер Илон Маск  2050-жылга карата Марс планетасына миллион кишини жеткирүүнү пландап жатат

Бөлүшүү:

Космостук техниканы чыгарып келген SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск соңку кездери акылга сыйбаган кыялдарга азгырылып келет.

Илон Рив Маск – 1971-жылы 28-июнда Түштүк Африка республикасынын Претория шаарында туулган. Өзү америкалык ишкер, ойлоп табуучу, инженер жана миллиардер. PayPal компаниясынын кош ээси, SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү, ээси, башкы директору жана башкы инженери. Аталаш бир туугандары негиздеген SolarCity компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон, кийин ал компания Масктын Tesla компаниясына кошулуп кеткен.

2018-жылы Forbes журналынын миллиардерлер рейтингинде анын байлыгы – 22,5 млрд доллар деп көрсөтүлгөн. 2019-жыл боюнча маалымат чыга элек.

Илимге кошкон чоң салымы үчүн 2018-жылдын 9-майында Лондондун королдук коомуна мүчө болгон.

SpaceX компаниясын негиздегенде 100 миллион доллар салып, космоско учууга кеткен чыгымды 10 эсе азайтам деп убада берген. Tesla компаниясы электромобилдерди чыгарат. 2018-жылдын мартында компаниялардын акционерлери Илон Масктын бир жылдык айлыгын 3 млрд долларга чейин көтөрүшкөн. Азыр бул компания абдан кирешелүү болуп, акциялары 20%га көтөрүлгөн.

Эми Илон жакынкы он жылда көп ирет колдонула турган Dragon Crew 1 миң космостук кеме (жылына 100 аппарат) чыгарууга камданууда. Ал кемелер Техастагы компаниянын ири заводунда иштелип чыгып жатат.

Миллиардердин айтымында, ал Марска күнүнө үчтөн кеме учургусу бар, ал убакта Марска каалаган киши бара тургандай болуп калат экен. “Акчасы болбосо да, кредитке барганга мүмкүнчүлүк алышат”, – дейт ал.

Анын ойлоп тапканы боюнча бир кемеге 100 киши жана 100 тонна жүк батат. Марсты басып алгандан тышкары, курулуш материалдары, курал-жарак, жабдыктар, азык-түлүк, суу алып барууга туура келет. Жалпы жонунан 1 миң жаңы кемелер гипотетикалык жактан алганда, Марска 100 тонна материал жеткире алат.

Анын ою боюнча, Жер менен Марс планетасынын ортосу кыйла алыс болгондуктан, алгачкы жүргүнчүлөрдү эки планета бири-бирине жакындаган учурда жеткирүүгө даяр. Ошентип 26 айда бир жолудан киши жеткирип олтурса, миллион киши Марста жашап калган болот.

Былтыр ноябрда Маск 1 миң Starship ракеталарын куруп, учуруу керектигин, кызыл планетанын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн 20 жыл кетерин айтып чыккан. Starship ракетасы менен  2020-жылдын ортосунан баштап уча баштаса болорун айтып, космостук аппарат жылына 1 миң жолу уча аларын билдирген эле.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: