Бишкекте алдамчылыкка шектелип 55 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы бүгүн, 20-январь күнү билдирди.
Алардын айтымында, 2019-жылдын 1-майында Свердлов РИИБне А.Н. аттуу (аял киши) жаран арыз менен кайрылган. Ал чала тааныш “Е.” аттуу аялга карата чара көрүүнү суранган. Аталган аял арыз жазган жарандын ишеничине кирип, биргеликте бизнес ачабыз деп, 70 миң акчасын алган бойдон изин суутуп кеткен.
Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын реестрине катталган. КРнын жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен сотко чейинки териштирүү иштери башталган.
Иликтөөнүн алкагында Свердлов райондук милициясынын кызматкерлери 1965-жылы туулган К.Э. аттуу жаранды кармашкан. Аны убактылуу кармоочу жайга киргизишкен.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ