Menu

Асейин Саралаев, Кочкордун кулуну: “Кудай берген Ажо болгон кыргызга, Бакиевдей эл башкарган кими бар?”

Бөлүшүү:

Бир сүрөткө

Карап турсаң Падышалык сыны бар,
Кыйын инсан!,-ал сөзүмдүн чыны бар,
Кудай берген Ажо болгон кыргызга,
Бакиевдей эл башкарган кими бар?

Өтсө дагы он жыл биздин арадан,
Адамдар көп ошол доорду каалаган.
Нурагам да акылдашып ар дайым,
Бакиевди “Даанышман” деп баалаган.

Ыраа көрбөй бир айылдын көчөсүн,
Аарчый албай жүрдү бирөө “көтөсүн”,
Өчүрсөң да Хандын атын тактайдан,
Жүрөктөрдөн өчүрө албай өтөсүң…

Берип койсо бир үзүмүн жамбаштын,
Былжырады дагы бири Алмаштын.
Алмазбектин жугундусун ичкендей,
Бакиевге неге мынча жармаштың?

Кечээ эле пахта коюп күлгөндөр,
Кечээ эле күнгө теңеп жүргөндөр,
Бүгүн жүрөт Бакиевди душман деп,
Бет кап кийип чөөдөй болуп үргөндөр.

Өтөт күндөр, заман дагы алмашат,
Ошол кезде чөөлөр кимге жармашат?
Жээнбековдон кызмат алып жүргөндөр,
Жерге кир деп,- жер тепкилеп каргашат…

Асейин Саралаев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: