Menu

Элдик Апрель Революциясынын 10 жылдыгына карата видео ролик өндүрүү боюнча сынак жарыяланды

Бөлүшүү:

Элдик Апрель Революциясынын 10 жылдыгына карата кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчүн күрөш жолундагы эң маанилүү күндөрүн жана бул күрөштө курман болгондордун элесин түбөлүккө сактоо максатында видео ролик өндүрүү боюнча сынагы жарыялады. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-январь күнү билдирди.

Катышуучулардын категориясы:

Сынакка катышуу Кыргызстандын жарандары жана резиденттери үчүн ачык.

Талаптар:

– роликтер кыска метраждуу болууга тийиш;

– эки категория менен кабыл алынат:

1) узактыгы 60 секунддан ашпоосу зарыл;

2) узактыгы 3 мүнөттөн ашпоосу зарыл.

– Сынакка катышуучу бир нече видео ролик жөнөтө алат, бирок бири- биринен өзгөчөлөнүп, айырмалануусу шарт.

– роликтер санариптик маалымат жыйнагыч (USB, диск, флешка) аркылуу уюштуруу комиссиясына жөнөтүлөт;

– Форматы – MP 4;

– Мазмуну Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине карама-каршы келбеген жана мурда эч жерде жарыяланбаган болуусу милдеттүү.

Интеллектуалдык менчик:

Сынактын катышуучулары жиберилген видео роликтерге өздөрүнүн толук автордук укуктары бар экендигин тастыкташат.

Сынактын баалоо критерийлери:

– Мазмундуулугу жана конкурстун темасына ылайык келиши;

-Жеткиликтүүлүгү: конкурстук материалдар жөнөкөй, максаттуу, аудитория үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү тил менен баяндалышы зарыл;

-Идеянын креативдүүлүгү жана оригиналдуулугу: теманы берүү формасынын өзгөчөлүгү, ошондой эле чагылдырууга болгон стандарттуу эмес мамиле болушу шарт.

– коомдук саясий мамилелердин бир беткей кызыкчылыктарына жол берилбей, улуттун тарбиялык, адеп-ахлактык, патриоттук баалуулуктарына басым жасоо мамилелери эске алынат.

Сынактын байгелери:

1 – орун (эки сыйлык), ар бири – 30 000 сом.

2 – орун (эки сыйлык), ар бири – 20 000 сом.

3 – орун (эки сыйлык), ар бири – 10 000 сом.

Сынакты өткөрүү мөөнөттөрү:

Сынактык мезгил: 2020-жылдын 8- январынан 2020-жылдын 10 – мартына чейин.

Материалдарды төмөндөгү дарекке жөнөтсөңүздөр болот:

Бишкек шаары, Пушкин көчөсү 78, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Улуттук маданий борборунда кабыл алынат. Байланыш телефону: +996 312 661 947, 0771323979, Электрондук дарек: [email protected]

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: