Menu

Түркиядагы элчи Малатьяга болгон иш сапарынын алкагында бооруна операция жасалган кыргызстандык эки кичинекей бейтаптан кабар алды

Бөлүшүү:

Өткөн апта, 14-15 январында Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Малатья шаарына иш сапары болуп ѳттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Сапардын алкагында Элчи Кубанычбек Ѳмүралиев Иненю атындагы Университеттин Ректору Ахмет Кызылай менен жолугушуп, Иненю атындагы Университеттин ооруканасынын жана китепканасынын иш аракеттери менен таанышты. Элчи Кубанычбек Ѳмүралиев Ректор Ахмет Кызылай менен бооруна операция жасалган Кыргызстандык эки кичинекей бейтаптардан кабар кылышты.

Тараптар Кыргызстандагы дарыгерлердин боорго операция жасоо ж.б. боюнча тажрыйба алуу максатында университеттик ооруканада стажировка ѳтүү жана академиялык кызматташтык боюнча эки тараптуу протоколго кол коюуну максатка ылайык деп макулдашышты.

Маалымат катары: Малатья шаарынын Иненю атындагы Университети (Түркиянын 2-чи Президенти) – Түркиянын чыгышындагы ири жогорку окуу жайы, 1975-жылы ачылган. Иненю атындагы Университет Түркиядагы жогорку 40 мыкты университеттердин тизмесинде жана “Европалык университеттердин бирикмесинин” (EUA) мүчөсү болуп саналат. Университеттеги мугалимдердин жана башкаруу кадрларын саны 5700, студенттердин саны – 45 миӊ.

Университетте оорукана иш алып барат жана боорду алмаштыруу боюнча (Европада 1-чи орунда, дүйнѳдө 2-чи орунда), бөйрөк, рак оорулары ж.б. 2002-2006 жж. боорду алмаштыруу боюнча 22  операция жасалып, 2019-жылы 277 операция жасалган. Медициналык тармактагы профессорлордун саны 130.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: