Menu

Аскар Айтматов  Түрк элчисин сотко бергени менен, Женгиз Фырат сот отурумуна келбей жатат

Бөлүшүү:

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыраттын үстүнөн жазган доо-арызы каралууда. Бул тууралуу 20-январда аталган соттун канцеляриясы билдирди.

Доо-арыз 2019-жылдын 1-ноябрында берилген. Бул иш боюнча үчүнчү тарап катары Тышкы иштер министрлиги жана “ПроМедиаПлюс” (Kaktus.media сайтынын ээси) коомдук фонду чакырылган.

Жазуучу Чынгыз Айтматовдун уулу ар-намысын жана кадыр-баркын коргоп доо арыз жазган. Анткени Түркиянын элчиси аны Фетхуллах Гүлендин террористтик уюмуна (ФЕТОго) тиешеси бар деп күнөөлөгөн.

Сотто эки отурум болсо да, элчи дипломаттык мамилелер жөнүндө Вена конвенциясын келтирип, экөөнө тең келбей койгон.

Кезектеги сот отуруму 2020-жылдын 24-январына белгиленди.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 + = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: