Ал 19-январда соода борборунун жанынан 100 долларды жыйырма сомдуктарга майдалап алып, жаалаган жаш балдарга чачты. Кыргызстандык блогер Толик Биримкуловдун акча чачкан видеосу соцтармактарга тарады. 20 сомдуктардан турган 7 миң сомду эки мүнөттө коротту.
Толиктин Ютубдагы каналында болгону 1,23 миң жазылган кишиси бар. Элдин көңүлүн бурдура албай, миллиондогон рублдерди чачкан орус блогерлерин туураганы көрүнөт. Ошол эле орус блогерлериндей муктаж болгондорго берип чыкса, балким таасири күчтүүрөөк болот беле?..
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ