Режиссер Ырыс Окенова “Азаттык” радиосун жалган маалыматты жайылтканы үчүн 25-октябрь күнү сотко берген. Андан кийин радиого болгон арызына кошумча киргизип, 5 миллион сомдук доо койгон.
Бүгүн, 20-январь күнү Ленин райондук сотунда биринчи отуруму болуп, ага “Азаттыктын” жактоочусу, өкүлү да келген эмес. Бул тууралуу Ырыс Окенова өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
“Арыз кабыл алуу процесси да кайтарылып атып араң кабыл алынганын жана бүгүнкү биринчи сот отурумунда “Азаттыктын” жактоочусу, өкүлү да келбегени маалым болду. Сот да бул туурасында эч маалымат билбейт экен” – деп жазган режиссер.
Эсиңиздерге сала кетсек, “Азаттык” радиосу “режиссер Ырыс Окенова “Ак Шоола” сериалын тартуу үчүн казынадан 250 миң доллар акча алган” деп карандай калп маалыматты таратканы үчүн “Азаттыктын” радиосунун үстүнөн арыз жазып, кечирим суроону талап кылган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ