Бул тууралуу La Tribune de Geneve гезити жазып чыкты. Кыймылсыз мүлк Женеванын кантонундагы Коллонж-Бельрив коммунасында жайгашкан. Ал жер Динара Кулибаева былтыр сатып алган Бельтрив кансарайына чектеш. Жер тилкесин Монаконун резиденти Марк Сёрсоктон сатып алган.
Былтыр Динара кансарайды 62 млн франкка алган. Ошондо Кулибаеванын байлыгы америкалык Forbes журналы тарабынан 3,2 млрд долларга бааланган. 2009-жылы Кулибаева Аньер коммунасынан вилланы 75 млн франкка сатып алган.
Динара Кулибаеванын жолдошу Тимур Кулибаев – “Атамекен” улуттук ишкерлер палатасынын башчысы, KAZENERGY мунайгаз жана энергетикалык комплекс уюмдарынын Казакстан ассоциациясынын жетекчиси, Борбордук Азиядагы эң бай адамдардын бири. Өздөрүнүн АЛМЭКС компаниясы аркылуу бул жубайлар Казакстандагы эң ири Элдик банкты көзмөлдөшөт. Forbes журналынын миллиардерлер рейтингинде Кулибаевдер былтыр 715-орунду ээлешкен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ