Пара алып жаткан жеринен Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун ИИББнын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 20-январь күнү билдирди.
Белгилүү болгондой, Ала-Бука РИИББнин тергөөчүсү М.Э.М. жана К.И.М. аттуу жергиликтүү инспектор А.Д.Н. аттуу жарандан кошуналардын урушунан улам бычактан жаракат алган факт боюнча козголгон кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн акча талап кылышкан.
Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 326-беренеси (пара алуу) боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери башталган.
18-январь күнү ыкчам-иликтөө иштеринин алкагында 35 000 миң сом пара алып жаткан жеринен жогоруда айтылган милиция кызматкерлери кармалган.
Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ