Сокулук айылына жакын жерде жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болуп, 7 адам жабыркады. Бул тууралуу Чүй облусунун ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтар боюнча, жол кырсыгы бүгүн, 21-январь күнү болжол менен саат 07:30да болгон. Хонда Аккорд үлгүсүндөгү жеңил унаа каршы тилкеге чыга калып, Бишкек – Кара-Балта – Бишкек маршруту менен эл ташыган кичи автобус менен бетме-бет сүзүшкөн.
Кырсыктан жеңил унаанын айдоочусу жана эки жүргүнчүсү каза болгон. Алардын өзүгү тактала элек.
Ошондой эле, алдын ала маалыматтар боюнча маршрутканын жети жүргүнчүсү жабыр тартышып, аймактык ооруканага жеткирилген.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ