Жогорку Кеңештин эки чакырылышында КСДП фракциясынын лидери, коалициянын башчысы, спикер болгон Чыныбай Турсунбеков учурда төөчөсүнөн тескери ушатып турган чагы. Дегенибиз, КСДПнын арты менен саясий аренага келип, үлкөн кызматтарды аркалаганын унутуп, бүгүн мурдун чүйрүп, аталган партиядан чыгаарын жар салды. КСДПнын съездине барбай турганын айтып, башыма балээ үйбөйм дегенди кыйытты, Башкача айтканда, өзүнө ыңгайлуу коңулга баш тыккан, керт башынын камын қөргөн амалкөй куулугун айгинеледи. КСДПнын ити чөп жеп турганда кенедей жармашып жүрүп, эми кыйчалыш мезгилде куйругун түйө качканы «саткындык» эмеспи?..
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ