Menu

Түркиядагы катуу жер титирөөдөн 19 киши каза болуп, 772 адам жабыркады

Бөлүшүү:

Түркиянын чыгышындагы Малатья жана Элязыг провинцияларындагы жер титирөөдөн улам 19 киши каза болуп, 772 адам жабыркады. Бул тууралуу Anadolu басылмасы өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигене шилтеме жасап жазып чыкты.

Кечээ, 24-январь күнү саат 20:55 (Москва убактысы) Сивриже шаарына жакын аймакта Элязыг провинциясында очогунда күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө болуп, 15 секундга созулган.

Буга чейин 18 адам каза болуп, 553 адам жакырганы тууралуу маалымат айтылган.

Маалыматтар боюнча, кырсык болгон жерде 28 провинциядан келген 493 команда иш алып барып жатат. Жер титирөө болгон аймакка 1689 палатка, 1656 керебет жана 9200 жууркан жеткирилген.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган “Твиттердеги” баракчасына кырсыкка байланыштуу бардык тийиштүү чаралар көрүлөрүн жазган.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: