Батареяга колу кыпчылып калган баланы куткарышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, окуя кечээ, 24-январда, Бишкек шаарындагы 12-кичирайонундагы көп кабаттуу үйдүн биринде болгон. 10 жаштагы баланын ата-энеси ӨКМга чалып, баласынын колу ысык батареяга кыпчылып калып, аны чыгара албай жаткандарын айтып, жардам сурашкан. Айтылган дарекке куткаруучулар жетип барып, кичинекей баланын колун аман-эсен чыгарып беришкен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ