Menu

Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпинди ай календары боюнча Жаңы жыл менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди ай календары боюнча Жаңы жыл — Жаз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Кытайдын кадыр-баркы эл аралык аренада жыл сайын бекемделүүдө. Сиздин жетекчилигиңиз алдында Кытай таасирдүү ийгиликтерге жетишти: жогору ылдамдык менен Кытайдын экономикасы өсүп, жарандардын бакубатчылыгы өсүүдө. Сиздин жеке көзөмөлүңүздө ишке ашырылып жаткан реформалар кытай улутунун кайра жаралуу кыялын ишке ашырып, ал эми Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүндө жаңы ири жетишкендиктер болот деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Кыргыз-кытай мамилелери салттуу жакшы коңшулугу, достугу, кызматташуусу жана эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда маанилүү маселелерде өз ара колдоосу менен мүнөздөлөөрү белгиленди.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жыл дагы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээли, эки өлкө элинин бакубатчылыгы үчүн бардык багыттар боюнча активдүү кызматташуунун алкагында болооруна ишеним билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Си Цзиньпинге бекем ден соолук, бакубатчылык, мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ал эми Кытай элине — тынчтык, өнүгүп-өсүү жана жакшылыктарды каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: