Түркиянын чыгышындагы Малатья жана Элязыг провинцияларындагы жер титирөөдөн улам каза болгон адамдардын саны 35ке жетти. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар Түркиянын өзгөчө кырдаалдар агенттигине шилтеме кылып жазып чыгышты.
Буга чейин 1466 жарадар болгону айтылган. 44 кишини урандылардын астынан куткарып чыгышкан. Алардын арасында 2 жашар өспүрүм бар болгон. Ал урандылардын астында бир сутка жаткан.
Маалыматтар боюнча, жабыркагандардын көпчүлүгү (843 адам) Элязыг жана Малатья провинциясынан болушкан.
Эсиңиздерге сала кетсек, очогунда күчү 6,8 баллга жеткен катуу жер титирөө 24-январь күнү болгон.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ