“2020-жылы 40тан кем эмес айыл өкмөтү дотациядан чыгат” – деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 27-январь күнү өкмөттүн кезектеги жыйынында.
Анын айтымында, былтыр 4 эле айыл өкмөтү дотациядан чыккан. Бул жылы дотациядан чыккан айыл өкмөттөрдүн саны көбөйөт.
“Бизге айылдарды дотациядан чыгарыш керек. 2023-2024-жылы бир дагы айыл таза суусуз калбайт. Бул маселе өзгөчө көзөмөлдө турат” – деп билдирди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.
“Мындан сырткары ирригация маселелери да чечилүүдө. 2020-жылы сугат жерлерди 17,5 гектарга чейин кеңейтүү пландалууда. Аталган багыттарды колдоо региондордо жаңы жумушчу орундарын түзүүгө, ички миграциянын төмөндөшүнө өбөлгө түзөт” – деп кошумчалады премьер-министр.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ