Menu

Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулганы боюнча соттук отурум Атамбаевсиз уланат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-январда, Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулганы боюнча соттук отурум уланат. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү соттук отурумда Улуттук гематология борборунун дарыгерлери көрсөтмө беришет. Сот отуруму айыпталуучулардын бири – мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусуз өтүп жатат. Сотко катышуудан Атамбаев өзү баш тартып келсе, кийин Биринчи май райондук сотунун судьясы анын сот отурумуна катышуусуна тыюу салган.

21-январда, УКМКнын имаратында кримтөбөл А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча сот отуруму уланып, анда адвокат Замир Жоошев күбө катары Азиз Батукаевди, Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровду жана Мамдуманын депутаты Адам Делимхановду чакыруу өтүнүчүн келтирген.

Эске сала кетсек, оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Атамбаев бийликте турган үчүн бул иш жабык бойдон калган. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден кийин, алты жылдан кийин, бул иш кайра козголуп, бир топ тиешеси бар адамдар соттолуп, үй камагына чыгып отурат. Жыйынтыгында, Атамбаев өзү да абакка отуруп калды, тагырагы, Батукаевдин ишине байланыштуу ага «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында камакта.

 

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: