Алайдагы мечит толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 28-январда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, өрт кырсыгы Жаңы-Алай айыл аймагына караштуу Таш-Коргон айылындагы Береке көчөсүндө 28-январга караган түнү, саат 02:20да болгон. Аянты 180 чарчы метр болгон мечит толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн себеби такталууда.
Акыркы бир сутка ичинде республиканын аймагында тогуз өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ