Бүгүн, 28-январга карата күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Бишкек—Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука—Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка—Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү ыктымал. Жолдор тайгак болот, ага байланыштуу машиналардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керек!
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ