Menu

Сагынбек Абдырахманов, КСДПнын лидери: «Аслан Сартбаевдин айтканын баары жалган, мен Туйгунаалы Абдраимовду көптөн бери көрө элекмин»

Бөлүшүү:

Парламенттик шайлоого КСДП Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимовдун төрагалыгы алдында катышарын, аны аталган партиянын жаңы жетекчиси Сагынбек Абдрахманов өзү Т.Абдраимовго сунуштаганын жана сүйлөшүү кечээ жүргөнүн
Vesti.kg сайтына КСДПнын мүчөсү, журналист Асланбек Сартбаев билдирген.

Анын айткандарын тактоо үчүн биз КСДПнын лидери Сагынбек Абдырахмановго кайрылсак, ал аябай күлүп, андай маалыматты четке какты. “Аслан Сартбаевдин маегин окуп, айла жок күлдүм. Анткени анын айткандарынын баары жалган. Ал ошентип калп айткандан уялса болмок. Мен көптөн бери Туйгунаалы Абдраимовду да, Аслан Сартбаевди көрө да элекмин, жолуга да элекмин“,-дейт С.Абдырахманов.

Эске сала кетсек, Сагынбек Абдырахманов КСДПнын төрагасы катары былтыр, 18-апрелде Юстиция министрлигине каттаткан жана партиянын дарегин өзгөрткөн. Аталган партияны өзүнө каттата электе жаңылануу, тазалоону ниетте «Атамбаевсиз КСДП» (Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда) кыймылын түзүп, аны жетектеп, аймактарды кыдырган. Быйыл, 21-январда «КСДП: кечээ, бүгүн, эртең» аталышта жалпы республикалык конференция өткөргөн. Жакында эле, 24-январда биздин (KyrgyzToday.kg) редакцияга кенен маек куруп берип, анда шайлоого партия катышаарын, аны өзү жетектээрин айтып берген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: