Эртең, 31-январь күнү Жогорку Кеӊеште Кытайдын жараны Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө боюнча түзүлгөн Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясынын отуруму өтөт. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Отурумга тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана “Азаттык” үналгысынын жетекчилери чакырылган.
Эске сала кетсек, эл аралык издөөдө жүргөн жеке ишкер Айэркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы отелдин багында отурган жеринен атып кетишкен.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ