Menu

Видео – “Кыргызстанда коронавирус илдети жайылып жатат” деген маалыматты тараткан жаран аныкталды

Бөлүшүү:

“Кыргызстанда коронавирустун жаңы түрү жайылып жатат” – деген маалыматты тараткан жаран аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кечээ, 29-январь күнү билдирди.

Акыркы убактарда WhatsApp жана башка социалдык тармактар аркылуу Кыргызстанда коронавирус жайылып жатат деп таратылган маалыматтар көбөйө баштаган.

Россиядагы кыргызстандык жаран WhatsApp аркылуу ар кандай группаларда “Кыргызстанда коронавирус жайылып жатат” деген маалыматты тараткан. Бул коомчулукка желдей тарап, элдин кызуу талкуусуна түшкөн.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында 1992-жылы Ош облусундагы Ноокат районунда туулган Ж.Ы. аттуу жаран кармалган. Ал Россияда 2009-жылдан бери иштеп келет.

Аталган жаран менен ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ага эскертүү берилген.

Кыргызстандык жаран баарын мойнуна алган. Таратылган маалыматтар интернет айдыңынан алынганы белгилүү болгон.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: