Бүгүн, 30-январь күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Рыскелди Момбеков Баткендеги Чек ара коомдук бирикмеси жана бир топ тургундар менен баарлашканын айтып, алган маалыматтардан кийин нааразы болгонун билдирди.
“Бүгүнкү күндө жергиликтүү активисттерге жергиликтүү бийлик, күч органдары тарабынан куугунтук жүрүп, экөөсү камакта, экөөсү суракта жүрөт. Комиссиянын акыркы маалыматы боюнча чек арадагы чагымчылдыкты кошуна мамлекеттин тургундары баштаган. А эмне үчүн чагымчылдык кылган кошуна тарапты эмес, чакырык кылган биздин элди куугунтуктап жатканын түшүнбөй турам” – деп билдирди.
Андыктан эл өкүлү күч органдарына күчкө салбашын суранып: “Күчкө салам деп, күчөтүп албагыла” деп эскертти.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ