Бүгүн, 30-январь күнү Жогорку Кенңештин кезектеги жыйынында депутат Тынчтыкбек Шайназаров Улуу жеңиштин 75 жылдыгына карата согуш ардагерлерине материалдык жардам жана юбилейлик медаль менен сыйлоону сунуштады.
Экинчи дүйнөлүк согушта 365 000 кыргызстандык кетип, 100 000 жакын каза болгон. Бүгүнкү күндө бизде 300гө жакын согуш ардагери калган.
“Баарыбыз билгендей быйыл Россия Улуу жеңиштин 75 жылдыгына карата чоң маареке өткөрөт. Ошого карата Россиянын согуш ардагерлерине ар бирине 75 миң рубль жана медаль берилет. Бизде 300гө жакын согуш ардагерлери калыптыр. Аларга дагы материалдык жактан жардам бериш керек. Мындан сырткары юбилейлик медаль же орден берүүнү сунуштайм” – деп өкмөттүн өкүлүнө кайрылды.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ