30-январь күнү Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Октябрь айылдык аймагынын башчысы Т.К. 350 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз бөлүмү билдирди.
Алардын айтымында, Октябрь айылдык аймагынын башчысы К.А. аттуу ишкерден кум-шагыл карьери боюнча ижара келишимин жокко чыгарбоо үчүн 400 миң сом талап кылган.
Кармалган чиновник №1 ТИЗО камалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ