Menu

Асейин Саралаев, Кочкордун кулуну: “Эркек шайтан оозун келип өпкөнбү? Он кыз сүйсө сулуумун деп көпкөнбү?”

Бөлүшүү:

Акыркы күндөрдө Сыдыман аттуу блогердин түштүк тараптагы мекендештерге айтылган сөздөрү, аларды ашата сөгүп, өтө пас айткан сөздөрү коомчулукта катуу сынга алынып жатат. Бул окуядан кийин блогер өзүнүн катасын мойнуна алып, элден кечирим сураган эле. Блогерге еөптөгөн ырчылар, спортчулар, көрүнүктүү адамдар түз жүрүүсүн айтып, элди бөлбөөгө чакырган. Буга катар эркин журналист Асейин Саралаев Сыдыманга арнап ыр жазып, аны итке теңеп, мыйзам алдында жооп берүүсүн талап кылган.

БӨРҮБАСАРГА

Иттер үрсө адам сынын сактаймын,
Мен да үрүп жаман итче каппаймын.
Бирок чиркин Сыдымандай иттерге,
Кантип чыдап өз оюмду жазбаймын?

Бөрүбасар – аты болгон жамандын,
Жаткан жери суусу болот самандын.
Чочко сындуу кашын терген Сыдыман,
Чоң кызындай коркулдаган камандын.

Аңкоо кыздын ак көйнөгүн чечтирип,
Мээси жоктун кара чачын кестирип.
Кордоп келген Ала-Тоонун кыздарын,
Кооз сөз менен күнөө көлүн кечтирип.

Айныгандар мурдун чукуп ырдаган,
Кээ бирлери сүйүү арнап чырдаган.
Кыз намысын күндөн-күнгө тебелеп,
Кылыгына ыйлап койбой жыргаган…

Эркек шайтан оозун келип өпкөнбү?
Он кыз сүйсө сулуумун деп көпкөнбү?
Эл намысын жеңил көрүп кыздардай,
Эсиргенден эске албаптыр өткөндү.

Ала-Тоомдо бийик учкан шумкардын,
Бир канаты ким экенин билбептир.
Бир туугандын бычак уруп артынан,
Түштүк элин айбан болуп тилдептир!

Ала-Тоомдо сызып жүргөн тулпардын,
Бир туягы ким экенин билбептир.
Бир тууганды бир тууганга кас көрүп,
Түштүк элин арсыз болуп тилдептир!

Ала-Тоомдо желбиреген желектин,
Бир бөлүгү ким экенин билбептир.
Жалалабат, Ош, Баткенди мазактап,
Шайтан болуп шакабалап тилдептир!

Ала-Тоомдо аппак болгон калпактын,
Бир кыймасы ким экенин билбептир.
Өздөн чыккан жаттан дагы жат болуп,
Өз тууганын душман сындуу тилдептир!

Журт намысы канжар болот билип жүр,
Жаман болот эл бөлгөнгө достошсоң.
Ойлонбостон сүйлөп койгон сендейлер,
Оорубастан жашоо менен коштошкон.

Эл кадырын мазак кылган сөз үчүн,
Аздык кылат бирден жулса чачыңды,
Айкөл экен өз журтуңа рахмат айт,
Башка болсо кесип кетмек башыңды!

Билип жүргүн Ош да сенин-мекениң,
Унутпагын Баткен сенин- жетегиң.
Жалалабат бизге болот- ыйык жер,
Элди бөлсөң арам болуп кетесиң!

Кашты терсең касиеттүү болдубу?
Кыз мазактап кара жиниң толдубу?
Сага дагы чара көрчү мыйзам бар,
Элим ыйык, элди бөлгөн оңдубу?

Чек арамда душман турса көз артып,
Басып берди душмандарды кубантып.
Мыйзам менен жооп беришин суранам,
Кепилдик жок чыкпайт деген улантып!

Мейли болсун акылы жок-Жанкечти,
Мейли фейкпи, мейли үргөн- Балтекпи?
Эл бөлгөндөр катуу жаза алышсын,
Бөлүнгөндөн канча элдер кан төктү!!!

 Асейин Саралаев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: