Стамбул шаарындагы учак кырсыгында жабыркагандардын арасында эки кыргызстандык бар болгон. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 6-февраль күнү билдирди.
КРнын ТИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, учактын ичинде 177 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү болгон.
Стамбул – Измир аба каттамы менен жүргөн Boeing 737-800 учагы Стамбулдагы аэропорттон конуп жатканда кырсыкка кабылып, учуу-конуу тилкесинен чыгып кеткен. Учак өрттөнүп, үч бөлүккө бөлүнүп калган.
Жабыркагандардын саны 130дан ашкан. Жабыркаган кыргызстандык К.Н. жана И.А. аттуу жарандарга Стамбул шаарындагы мамлекеттик ооруканаларда медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө.
Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунун кызматкерлери жабыркаган мекендештерден кабар алышты. Дарыгерлердин айтымында, алардын абалы туруктуу. Жабыркагандар 24 саат бою дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Андан кийин ден-соолугунун абалына жараша үйүнө чыгарылат же ооруканага жаткырылат.
Учурда абалды башкы консул өз көзөмөлүнө алды.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ