Кечээ, 12-февраль күнү Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан күйүүчү май сакталган жайдан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Өрттү өчүрүүгө саат 20:41де жалпы 7 бөлүм, Штаб жана ККББнын КБП унаасы менен ыкчам топ, саат 21:20да ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.
https://www.facebook.com/mes.gov.kg/videos/679174662825091/
Унаа майын сактоочу кампадан жана жанаша жайгашкан турак үйлөрдөн чыккан өрт 23:28де чектөөгө алынган.
Өрттүн келип чыгуу себеби жана аянты такталууда.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ