Телефон «террористи» кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 24-февралда билдирди.
Алардын айтымында, кечээ, 23-февралда саат 13:14тө Чүй облустук УКМК башкармалыгынын нөөмөт кызматына өзүн «Саид» деген ысым менен тааныштырган адам, саат 16.00 Бишкек шаарындагы соода борборлордо теракт болот деген маалымат берген.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренесинин 1-бөлүмү (Терроризм актысын жасайм деп коркутуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, телефон чалган адам Бишкек шаарында 1990-ж.т. Тагир Султанбеков аттуу КР жараны экендиги такталды. Ал 2013-жылы Бишкек шаардык Биринчимай райондук соту тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) жана 167-беренеси (тоноо) боюнча 9 жылга эркинен ажыратылган. 2017-жылы Ысык-Ата соту тарбынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 170- (пара талап кылуу) жана 228-беренелери (терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган кабарлоо) боюнча 11 жылга соттологон. 2017-жылы №3-түзөтүү колониясында отурган учурунда терроризм актысы тууралуу телефондон жалган маалымат берген. 2018-жылдын 16-ноябрынан тартып №1-түзөтүү колониясында (Молдовановка а.) жазасын өтөп жатат.
Султанбеков Тагир сурак учурунда, айып изоляторунда отурганда аталган телефон чалууну кылгандыгын мойнуна алып, №1-түзөтүү колониясындагы коркутуулардан улам бул кылмышты жасаганын айткан.
Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.
УКМК эскертет, террористтик акт жасоо менен коркутуу кылмыш болуп эсептелинет. КР Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренесине ылайык террористтик акт жасоо коркунучун келтирген тарап 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ