Токмок шаарында уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы бүгүн, 24-февралда билдирди.
Алардын айтымында, 11-февралда милициянын нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургун кайрылып, белгисиз эки жигит ага кол салып, анын уюлдук телефонун жана 5 миң сом акчасын тартып алыганын айткан.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 201-беренеси (уурулук) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Токмок ШИИБнин кызматкерлери шектүүлөрдүн бирин кармашкан. Кармалган 30 жаштагы У.Э. мурда соттолгону анык болгон. Ал Токмок ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда экинчи шектүүнү кармоо аракеттери жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ