Бүгүн, 24-февралда Бишкекеги Москва жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу кайгуул милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, жол кырсыгы саат 8:10до болгон. Mazda Demio жеңил автоунаанын 26 жаштагы айдоочусу К.Акиев көчөсү менен чыгышты көздөй кетип бара жаткан. Москва көчөсүнүн кесилишинде ал жүргүнчү ташыган Mercedes Sprinter унаасы менен сүзүшкөн.
Жол кырсыгынын жыйынтыгында 10 адам жабыркаган. Алардын жарымы улуттук ооруканага жеткирилген. Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ