Токмок шаарында жергиликтүү шайлоо алдында эки ай ичинде (январь, февраль) 6 745 адам каттоого турган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 24-февралда билдирди.
Алардын айтымында, адамдар ттиешелүү документтери жок эле, үй ээсинин макулдугун албай эле каттоого турушкан. Токмок шаарынын прокуратурасы тарабынан бир нече даректерде бир үйгө 150дөн ашык адам катталганын аныктаган.
22-февралда, Токмок шаарынын прокуратурасы тарабынан аталган факттар КРнын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-б. (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Кемин жана Аламүдүн райондорундагы калкты каттоо бөлүмдөрүн текшергенде, 2000ден ашык адам Токмок шаарына катталганы анык болгон. Анын ичинен 300 адам каттоого керектелүүчү документтери жок эле каттоодон өткөнү белгилүү болгон. Аталган факт катталып сотко чейинки өндүрүш башталган.
Азыркы учурда текшерүлөр жүрүүдө.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ