Menu

Дайынсыз жоголуп, изделип жаткан кыргызстандык Россиядагы психиатриялык ооруканадан табылган

Бөлүшүү:

Дайынсыз жоголгон Н.К. аттуу кыргызстандык Россиянын психиатриялык бейтапканасынан табылды. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматы бүгүн, 24-февралда билдирди.

Н.К.нын Россиянын жарандыгы алган, анын туугандары жана достору издеп жатышкан. Ал тууралуу акыркы маалымат Кореяга иштеп келүү үчүн кетип, ошол бойдон дайынсыз эле. Анын кайсы жерде экендиги белгисиз болуп, аны менен байланыш такыр үзүлгөн эле.

Акыйкатчынын өкүлү Россиядагы укук коргоо органдары менен байланышканда, ал Кореядан депортацияланып, Владивостокко учак менен келгени анык болгон. Анын ден соолугунуна байланыштуу Приморье крайынын Заречная поселогундагы психиатриялык бейтапканага жаткырылганы маалым болгон.

Акыйкатчынын өкүлү ал жакка барып, Н.К. менен жолугушканда, ал Кореяда ден соолугу начарлаганын, бирок кантип Владивостокко келип калганын билбей турганын айткан.

Акыйкатчынын өкүлү аталган дарылоо мекемесинин башкы врачы менен жолугуп, Н.К.ны ооруканадан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн талкуулаган, аны Кыргызстанга туугандарына жөнөтүү зарылдыгы сүйлөшүлгөн. Тийиштүү документтер таризделгенден кийин Н.К. ооруканадан чыгарылып, 20-февралда Ош шаарына жөнөтүлгөн. Учурда ал Ош шаарында үй-бүлөсү менен турат” – деп айтылат маалыматта.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: