23-февралда Ысык-Көл облусунун аймагынан баңгизаттарды жайылтып жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызмаыт билдирди.
Алардын айтымында, Ысык-Көл облусунун Жаркымбай айылынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 36 жаштагы У.У. аттуу жаран кармалган. Андан 15 килограмм 685 грамм салмактагы “марихуана” баңгизаты табылып алынган.
Аталган факт КРнын Жазык кодексинин 267-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ