Menu

Тарых музейинин ремонту боюнча сотто вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова көрсөтмө берди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-февралда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө боюнча соттук отурум уланууда. Отурум судья Марат Сыдыковдун жетекчилигинин алдында өтүп жатат.

Бүгүнкү отурумда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы күбө катары көрсөтмө берди. Ал Тарых музейин реконструкциялангандан кийин биринчи жолу 2018-жылдын май айынын башында барганын билдирди.

“Мен ал жакка Президенттин аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Мира Карыбаева менен баргам. Биздин максатыбыз Тары музейин эртерээк ачуу болчу. Эгемендүүлүк күнгө карата белек катары кылалы дегенбиз. Мира Аскеровна музейдин оңдоп-түзөөдө мазмундуу иштерге жооптуу болчу. Мисалы, тиги же бул экспонаттын аталышы туурабы же жокпу ж.б. маселелерди карачу” – деп айтты Алтынай Өмүрбекова.

Алтынай Өмүрбекова Мира Карыбаеванын ишмердүүлүүгү пайдасынан дагы зыяна көп келгенине макул эместигин билдирген.

Эске сала кетсек, тарых музейин оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет 102 миллион сом зыян тартканын Башкы прокуратура билдирген. Бул иш боюнча алты адам соттолууда. Алардын арасында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева бар.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: