Жогорку Сот Гүлзат Мамытбектин мурдагы күйөөсүн Талант Курманкуловду актады. Бул тууралуу адвокат Икрамидин Айткулов журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, Гүлзат Мамытбек милицияга арыз менен кайрылып, балдарын көргөнү барганда аны күйөөсү сабаганын айткан. Эки инстанция тең Талант Курманкуловду актаган.
Ал прокуратура Жогорку сотко көзөмөл доо-арыз менен кайрыганын, бирок соттук коллегия аны четке какканын билдирди.
“Талант Курманкулов толугу менен акталды. Гүлзат Мамытбектин айткандары тастыкталган жок. Эми биз жалган жалаа жапкан үчүн жоопкерчиликке тартылышын талап кылабыз” – деди адвокат.
Белгилей кетсек, ал мурунку жолдошунун үйүнө балдарын алганы барып, күйөөсү тарабынан токмок жеп, тепкиге алынганын айткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ